15.02.2022ж.

5, 2022 2 24 05:11:00

Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII  чакырылышынын  кезектеги                                                                            XII сессиясынын

                                               № 12  Т О К Т О М У

15.02. 2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айылөкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш үчүн төлөнүүчү төлөмүнүн тарифин бекитип берүү жөнүндө

Жаны-Жол айылөкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш үчүн төлөнүүчү төлөмүнүнтарифин бекитипберүү боюнчасессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, балдар бакчалардын жетекчилери Н.Тууганбаева,А.Адышова,В.Айтмырзаеванын билдирүүлөрүн жана Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө  караштуу бала бакчаларда тарбияланган балдардын ата-энелеринен  тамак-аш үчүн    төлөнүүчү төлөмү азык-түлүктөрдүн  кымбаттаганына   байланыштуу 900 (тогуз жүз) сомго бекитилсин.

Айыл өкмөтү тарабынан бериле турган каражат ар бир балага        20 (жыйырма) сомго  бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

         Айылдык  кеңештин төрагасы                                      Т.Өзүбеков