15.02.2022ж.

5, 2022 2 24 05:09:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

                                                №  11  Т О К Т О М У

 

15.02.2022-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Кызыл-Туу     айылынын тургуну Кабылбеков Токтобекке                           “Ардактуу   атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн  тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезектеги  XII сессиясы   

                                 Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

Жаңы-Жол айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын  14-январындагы № 3 чечими эске алынсын.   

Кызыл-Туу  айылынын тургуну Кабылбеков Токтобекке Жаңы-Жол айыл аймагынын  “Ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу  жагы  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                     Т. Өзүбеков