15.02.2022ж.

5, 2022 2 24 04:10:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезектеги                                                                       XII сессиясынын 

                                                № 3  Т О К Т О М У

         15.02.2022-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  2022-жылга карата бекитүү жөнүндө

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата  жергиликтүү бюджеттин контролдук цифрасын жана тендөөчү гранттын сунушталган көлөмүн бекитип берүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсү эске алынсын.

2022-жылга киреше  жалпы суммасы  19 627 000 сомго бекитилсин.

Анын ичинен:

         а) тендештирүү үчүн трансферттер     1 650 000  сом ;

         б) жергиликтүү бюджет                          16 077 000  сом ;

         в) атайын каражаттар                    1 900  000   сом  болуп бекитилсин.

Жаны-Жол       айыл өкмөтүнүн  резервдик фондусунун       2022-жылга көлөмү жалпы бюджеттин  1 % чейинки өлчөмүндө бекитилсин жана жыл ичинде бюджетте өзгөрүү болсо резервдик фонддун суммасы дагы өзгөрүүлөрдү  белгиленсин.

Жаны-Жол          айылдык Кенешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04/244-1 буйругуна ылайык  жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин. 

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн штаттык курамы КР нын өкмөтүнүн                  08.07.2013-жылдагы № 403 токтомуна ылайык тарификациянын негизинде бекитилсин.

Айылдык кенештин  чыгымдары, аппараттын чыгымдары менен бирге төлөнүүсү белгиленсин.

Жаны-Жол       айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн башчысы Ч.Култаевага жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсү болсо, айылдык кенешке маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.

 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.

 Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

                                      

 

Айылдык кеңешинин төрагасы                                                    Т.Өзүбеков