25.01.2022
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
25.01.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылөкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2021-жылдан 2022-жылга өткөн акча каражатынын каржыланышы,сарпталышы жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджеттик каражаттан калдык болуп калган акча каражатынын 2022-жылга карата каржыланышы сарпталышы боюнча 150 000 сом Куйбышев айылындагы Иманбаевмектебинин спорт залынын жылуулугуна, 65 000 сом айылдардагы жолбун иттерди жок кылууга, 100 000 сом Кызыл-Туу айылындагы мини футбольный площадкага документтерди даярдоого, 19500 сом Комсомол айылына ток ажыраткыч (разъединитель) койдурууга, 209 000 сомЖаңы-Жол айылынын Тургун көчөсүнө зым чубалгаларын алууга, 70000 сом Кыргыз Республикасындаэл жана турак жай фонддун каттоого даярдык көрүү жана документацияларга (сот,прокуратура,топурактын анализине) 8363 сом ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
2021-жылдан 2022-жылга өткөн 921863 сом акча каражаты төмөндөгүдөй разделге, статьяларга бөлүнүп берилсин.
Раздел орто мектеп 70921
Статья 2221 150 000сом ;
Раздел аппарат 70111 19500 сом;
Статья 2215
Раздел аппарат 70111 100 00 сом;
Статья 2215
Раздел аппарат 70111 65000 сом;
Статья 2215
Раздел аппарат 70111 300 000 сом;
Статья 2511
Раздел аппарат 70111 209 000 сом;
Статья 2215
Раздел аппарат 70111 70 000 сом;
Статья 2215
Раздел аппарат 70111 8363 сом;
Статья 2215
Атайын каражаттан
Раздел аппарат 70111
Статья 2222 52 119 сом .
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков