25.01.2022

5, 2022 2 24 09:48:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын          кезексиз  ХI сессиясынын

                                      №  1 Т О К Т О М У

25.01.2022-жыл                                                                         Жаңы-Жол айылы

 

Жаңы-Жол айыл аймагында2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фонддун каттоо жүргүзүү үчүн акча каражатын бекитип берүүжөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы“Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фонддун каттоого даярдык көрүү жанажүргүзүү жөнүндө№228 токтомун, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын                    17-ноябрындагы № 59 токтомун аткарууга алуу максатында жана Токтогул райондук мамлекеттикадминистрациясынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 100-токтомунун негизинде, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин эл жана турак жай фонддун каттоо жүргүзүү үчүн ар кандай чыгымдарга 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдинбилдирүүсүн, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин        VIII чакырылышынын кезексиз  ХI сессиясы

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фонддун каттоо жүргүзүлсүн.

Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.

2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фонддун каттоо жүргүзүү үчүн ар кандай чыгымдарга 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты бекитилсин.

Бөлүнгөн  акча каражатын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.

Эл жана турак жай фонддун каттоо Жаңы-Жол айыл аймагында так жана сапаттуу жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына, тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

   Айылдык кеңештин төрагасы                                                     Т.Өзүбеков