06.12.2021-ж.

2, 2022 1 17 04:56:00

Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз

X сессиясынын

                                                  № 36  Т О К Т О М У 

06.12. 2021-жыл.                                                                       Жаны-Жол айылы

   

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу "Жаны-Жол айлындагы        

№ 9 И.Умаров орто мектебин ремонтоо" жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык кеңеши

                                             Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

Жаны-Жол айлындагы № 9  И.Умаров  орто мектебин ремонттоо долбоордук сунушу бекитилсин.

Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 27%ти, 1101024 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол  айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап    күчүнө кирет.

 

Жаны-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                         Т. Өзүбеков