06.12.2021-ж.

2, 2022 1 17 04:53:00

Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз

X сессиясынын

                                                № 35  Т О К Т О М У 

06.12. 2021-жыл.                                                                       Жаны-Жол айылы 

 

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу  Бала-Чычкан айлындагы                         № 8 А.Иманбаев орто мектебин ремонтоо жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз          X сессиясы

                                                  Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

"Бала-Чычкан айлындагы № 8 А.Иманбаев орто мектебин ремонтоо" долбоордук сунушу бекитилсин.

Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 34%ти, 1524631 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

 Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы     Жаңы-Жол  айылдык кенешинин экономика,  план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

Жаны-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                        Т. Өзүбеков