06.12.2021-ж.
Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
№ 34 Т О К Т О М У
06.12.2021-жыл. Жаны-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын жолун оңдоо асфальтоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып, Жаны-Жол айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
“Кызыл-Туу айылынын жолун оңдоо асфальтоо” долбоордук сунушу бекитилсин.
Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 48%ти, 2745397 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаны-Жол айылдык
кеңешинин төрагасы Т. Өзүбеков