06.12.2021-ж.

2, 2022 1 17 09:46:00

Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз

X сессиясынын

                                             № 33 Т О К Т О М У 

06.12.2021-жыл.                                                                 Жаны-Жол айылы 

 

                     Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылына                                 кичи    футбол  аянтча куруу жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн  жана  Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруумыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык Кеңеши

                                   Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

“Кара-Суу айылына кичи футбол аянтча куруу”  долбоордук сунушу бекитилсин.

Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 17%ти, 607179 сом болуп бекитилсин.                                           

Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса, 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын жетекчисине жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

Жаны-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                            Т. Өзүбеков