06.12.2021

6, 2021 12 24 09:39:00

           Жаңы-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин                                                     VIII– чакырылышынын  кезексиз  Х сессиясынын

                                           №  32 Т О К Т О М У

06.12.2021-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылынын тургуну Р.Калмурзаевге пескоблок, пеноблок,брусчатка чыгарууга жеңил конструкция менен ишкана ачуу үчүн 0,15га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү  жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылынын тургуну Р.Калмурзаев пескоблок,пеноблок, брусчатка чыгаруу ишканага жеңил конструкция менен  курууга 0,15га жер аянтын сурап кайрылган арызын карап, айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  Х сессиясы

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагынын айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

Социалдык объектинин жеринен пескоблок, пеноблок, брусчатка чыгаруу ишканага  “жеңил конструкция” менен  курууга  убактылуу 0,15га  жер аянтын  пайдаланууга  макулдук берилсин.

Жерге тиешелүү документтерин тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                          Т.Өзүбеков