06.12.2021

6, 2021 12 24 09:38:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII– чакырылышынын                  кезексиз  Х сессиясынын

                                        №  31 Т О К Т О М У

06.12.2021-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

“Сейит Групп” Жоопкерчилиги чектелген коомуна жеңил конструкция мененкичи ишкана ачуу үчүн 0,15га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүүжөнүндө

 

Сейит Групп” Жоопкерчилиги чектелген коомуна  жеңил конструкция менен кичи ишкана ачуу үчүн 0,15га жер аянтын сурап кайрылган арызын карап, айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  Х сессиясы

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагынын айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

Социалдык объектинин жеринен “жеңил конструкция” менен  кичи ишкана курууга убактылуу  0,15га  жер  аянтын пайдаланууга  макулдук берилсин.

Жерге тиешелүү документтерин тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                                        Т.Өзүбеков