06.12.2021
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
№ 30 Т О К Т О М У
06.12.2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө 2021-жылдынжергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине 2021-жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган акча каражаттары 50 000 сом Кара-Суу айылындагы ички жолдорун оңдоого, 150 000 сом Арал айылына бала бакча салдыруу үчүн документ даярдоого, 80 000сом Кызыл-Туу айылындагы Байказак, Ызаналы көчөлөрүнө суу түтүктөрүн тартууга, 20000 сом Кызыл-Туу айылына труба алууга, 40 000 сом Бала-Чычкан айылындагы Иманбаев атындагы орто мектептин жылуулук системасына, 350 000 сом “Деко” муниципалдык ишканасына субсидия, 200 000 сом орто мектептердин электро энергиясына, 43 800 сом Умаров орто мектебинин ашканасынын алдына тосмо жасоого материал алуу, 10 000 сом материалдык жардамга, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдинбилдирүүсүнүн негизинде, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине 2021-жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган акча каражаттары төмөндөгү разделге, статьяларга бөлүнүп берилсин.
Раздел аппарат 70111
статья 2215 330 000 сом ;
40 000 сом;
статья 2511 350 000сом .
Раздел орто мектеп 70921
статья 2231 200 000сом ;
2222 43800 сом .
Раздел соц обеспечение 71092
статья 2721 10 000сом.
Раздел орто мектеп 70921
2222 статьясынан
Раздел аппарат 70111
2215 статьясына 82 000 сом
Раздел орто мектеп 70921
2222 статьясынан
Раздел аппарат 70111
2222 статьясына 21000 сом
Раздел аппарат 70111
2215 статьясынан 2214 статьясына 27000 сом
Раздел китепкана 70821
2215 статьясына 2211 статьясына 3000 сом жылдырылсын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков