06.12.2021

6, 2021 12 24 09:29:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII–чакырылышынын                  кезексиз  Х сессиясынын

                                         №  28  Т О К Т О М У

06.12.2021-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айыл аймагындагы жерлерди  трансформациялоо  жөнүндө

         Жаны-Жол айыл аймагындагы,  жайыт жерлерди которууда (трансформациялоодо)  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз       Х сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагынын айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

Жаңы-Жол айыл аймагынынын Кызыл-Туу айылындагы Кара-Каш участкасынан 63,34 га, Бала-Чычкан айылынын Сары-Жон участкасынан 37га, Арал айылынын Кызыл-Жылга участкасынан 5,12га  жана Кайрак участкасынан 14,53 га, жер аянты болуп, жалпысынан   аныкталган 119,99га жер аянты трансформациялоого уруксат берилсин.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                                     Т.Өзүбеков