17.11

6, 2021 12 24 09:06:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын кезексиз   IX сессиясынын 

                                              №  25  Т О К Т О М У

         17.11.2021-жыл                                                     Жаңы-Жол айылы

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммасын бекитүүжөнүндө

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын     2021-2025-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык программасын  бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин,  орун басары А.Кулжабаеванын   билдирүүсүнүн  жана Жаны-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча” туруктуу комиссиясынын   чечимин угуп жана талкуулап   айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  IX сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын     2021-2025-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы  бекитилсин.

 

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 Жаңы-Жол   айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                         Т.Өзүбеков