17.11

6, 2021 12 24 09:03:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII– чакырылышынын                  кезексиз  IХ сессиясынын

                                              №  24  Т О К Т О М У

17.11.2021-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айылынын тургуну Т.Ширгелиевге жеңил курулуш аркылуу пластик-терезе жасоочу ишкана ачуу үчүн 0,15га жер аянтын берүүжөнүндө

         Жаны-Жол айылынын тургуну Т.Ширгелиев   жеңил курулуш аркылуу    пластик-терезе жасоочу ишкана ачуу үчүн  жер аянтын сурап кайрылган арызын карап, айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  IХ сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагынын айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

Социалдык объектинин жеринен пластик-терезе чыгаруу ишканага “жеңил конструкция” менен курууга убактылуу 0,15га  жер берүүгө макулдук берилсин.

Жерге тиешелүү документтерин тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                           Т.Өзүбеков