17.11.2021
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
№ 22 Т О К Т О М У
17.11. 2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына, жергиликтүү жамаатын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышынын,ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Жаңы-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү” жобо бекитилсин.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу 7 адамдан түзүлсүн.
Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Жаңы-Жол айылдык
кеңештин төрагасы: Т.Өзүбеков