26.07.2021

6, 2021 12 24 09:46:00

Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз                                       VI сессиясынын

                                            № 13  Т О К Т О М У   

26.07.2021-жыл.                                                              Жаны-Жол айылы 

                                                     

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол  айылынын ички жолдорун ремонттоо жана электр мамычаларын орнотуу  жөнүндө

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Жол  айылынын ички жолдорун ремонттоо жана электр мамычаларын орнотуу  жөнүндө Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун долбоорунун алкагында     Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык Кенеши

                                            Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

“Жаңы-Жол  айылынын ички жолдорун ремонттоо жана электр мамычаларын орнотуу”долбоордук сунушу бекитилсин.

Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15%ти,  534057 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 63578 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2021-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын жетекчисине жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

Жаны-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                           Т. Өзүбеков