26.07.2021

6, 2021 12 24 14:45:00

                   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын                           кезектеги     VI сессиясынын 

                                              № 12  Т О К Т О М У

         26.07.2021-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн“Жаңы доорго-кырк кадам”программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык стратегиялык планына өзгөртүү киргизүүжөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Жаңы доорго-кырк кадам”  программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын    2018-2023-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык стратегиялык планына өзгөртүү киргизип,  сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин,   ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн  жана Жаны-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча” туруктуу комиссиясынын   чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Жаңы доорго-кырк кадам”  программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын    2018-2023-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык стратегиялык планына өзгөртүү киргизилип бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

       Айылдык кеңешинин төрагасы                                             Т.Өзүбеков