15.09.2021 токтом №20

5, 2021 10 07 10:54:00

              Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII– чакырылышынын кезексиз

                                                       VII сессиясынын  

                                             №  20  Т О К Т О М У

15.09.2021-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Бала-Чычкан айылынын тургуну Мураталиев Акчабайга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн  тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз VII сессиясы   

                                      Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

Жаңы-Жол айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын  14-сентябрындагы № 2  чечими эске алынсын.   

Бала-Чычкан айылынын тургуну Мураталиев Акчабайга Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу  жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                     Т. Өзүбеков