15.09.2021 токтом №19
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
№ 19 Т О К Т О М У
15.09.2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүно 2021-жылдынжергиликтүү бюджетине “ Республикалык бюджеттенжергиликтуу бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар” эсебиненкелген 3000,0 млн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнyн 2021-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен келген акча каражатын бөлүштүрүп ,сессияга кароо үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы мектеп-гимназиясынын подвалын оңдоп, 3 класс жасоого 800 000сом, Кызыл-Туу айылындагы Кадырбек, Мажин, Б.Орозбеков көчөлөрүнүн электр мамычаларын жылдырып, электр чубалгаларын тартууга 150 000сом, Терс жайлоосунун көпүрөсүн жана жолдорун, Ак-Көл жайлоосуна кеткен жолду, көпүрөнү ондоого,Керимбайдын сазындагы көпүрөнү оңдоого 200 000сом, Арал айылындагы таза суу түтүктөрүн, трансформаторун оңдоо иштерине 200 000сом, Кара-Суу айылына Токтогул шаардык мэриясынан түшкөн негизги жолду жана Орто-Кашат участкасына кеткен жолду оңдоого 150 000сом, Жаңы-Жол айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине 1300 000, Арал айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жабдууларын алууга 100 000сом,кичи футбол аянтчасынын ПСДларын жасоого жана экспертизадан өткөрүүгө 100 000сом акча каражаты которулган. Жалпы 3000000 сом акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнyн 2021-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен келген акча каражаты, Жаңы-Жол аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы мектеп-гимназиясын подвалын оңдоп, 3 класс жасоого 800 000сом, Кызыл-Туу айылындагы Кадырбек, Мажин, Б.Орозбеков көчөлөрүнүн электр мамычаларын жылдырып,электр чубалгаларын тартууга 150 000 сом, Терс жайлоосунун көпүрөсүн жана жолдорун, Ак-Көл жайлоосуна кеткен жолду, көпүрөнү ондоого,Керимбайдын сазындагы көпурөнү оңдоого 200 000сом, Арал айылындагы таза суу түтүктөрүн, трансформаторун оңдоо иштерине 200 000 сом, Кара-Суу айылына Токтогул шаардык мэриясынан түшкөн негизги жолду жана Орто-Кашат участкасына кеткен жолду оңдоого 150 000 сом, Жаңы-Жол айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине 1300 000, Арал айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жабдууларын алууга 100 000сом,кичи футбол аянтчасынын ПСДларын жасоого жана экспертизадан өткөрүүгө 100 000сом, акча каражаты. Жалпы 3000000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.
Раздел аппарат 70111
Кызыл-Туу столба статья 2215 150000 сом ;
Кызыл-Туу документация 2215 100000 сом;
Көпүрө оңдоо 2221 200 000 сом;
Арал таза суу түтүк 2221 200 000 сом;
Кара-Суу айылына жол оңдоо 2215 150 000 сом .
Раздел орто мектеп 70921
Н.Бримкулов гимн. 2221 800 000 сом ;
Тешебаев о.м. 2222 100 000 сом;
Раздел бала бакча 70911
Жаңы-Жол б.бакча 3111 1300 000 сом ;
Баардыгы 3 000 000 сом .
3.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине 2021-жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган акча каражаттары төмөндөгү разделге статьяларга бөлүнүп берилсин. “Деко” муниципалдык ишканасына обл фонддон ГАЗ-53 автомашинасын алууга өздүк салым үчүн 177 300 сом бөлүнүп берилсин.
Раздел аппарат 70111
статья 3112 177 300 сом ;
Раздел бала бакча 70911 2231 статьясынан
Раздел аппарат 70111 2511 статьясына 27 000 сом жылдырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков