15.09.2021 токтом №18

5, 2021 10 07 10:49:00

Жаңы-Жол айылдык кеңештин VII  чакырылышынын  кезексиз                                  VII сессиясынын

                                           № 18 Т О К Т О М У

15.09. 2021-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Токтогул шаарынын тургуну Г.Батырбекованын  Жаны-Жол айыл  өкмөтүнө караштуу  Арал айылынын  Тамды участкасындагы  өзүнө тиешелүү 0,25га жер аянтынын 200 м.кв. жер аянтына курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө

Токтогул шаарынын тургуну Г.Батырбекованын Жаны-Жол айыл  өкмөтүнө караштуу  Арал айылынын  Тамды участкасындагы  өзүнө тиешелүү 0,25га жер аянтынын 200 м.кв. жер аянтына курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн, айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  VII сессиясы                                        

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айыл аймагынын айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

Г.Батырбекованын Жаны-Жол айыл  өкмөтүнө караштуу  Арал айылынын  Тамды участкасындагы  өзүнө тиешелүү 0,25га жер аянтынын 200 м.кв. жер аянтына курулуш курууга уруксат берилсин.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

      Айылдык  кеңештин төрагасы                                                       Т.Өзүбеков