15.09.2021 токтом №17
Жаңы-Жол айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
№ 17 Т О К Т О М У
15.09. 2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айылөкмөтүнө караштуу “Деко”муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу боюнчатарифин бекитип берүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу боюнча тарифин сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, “Деко” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Мекишовдун билдирүүсүн жана Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын таштанды чыгарууда күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу таштанды чыгаруунун тарифи 100 (жүз) сомго көтөрүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков