15.09.2021
Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
№ 16 Т О К Т О М У
15.09. 2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 1 чечими эске алынсын (чечим тиркелет).
Жаңы-Жол айыл аймагынын Төрт-Күл участкасындагы аты жок көчөгө маркум Борбиева Үпөлдүн ысымы ыйгарылсын.
"Борбиева Үпөл " атындагы көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы: Т.Өзүбеков