15.09.2021 №15токтом
Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
№ 15 Т О К Т О М У
15.09. 2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 1 чечими эске алынсын (чечим тиркелет).
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылынын этегинен Кара-Суу айылына чейинки аты жок көчөгө маркум Абдразаков Молдоташынын ысымы ыйгарылсын.
"Абдразаков Молдоташы" атындагы көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы: Т.Өзүбеков