16.07.2021-ж. токтом №11

6, 2021 9 03 12:10:00

Жаңы-Жол   айылдык кеңешинин VIII– чакырылышынын кезектеги                         V сессиясынын

                                       № 11 Т О К Т О М У

16.07.2021-жыл                                                                      Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүнүн атайын каражат эсебине Токтогул районунун жанаКара Кол шаарынын , Жазы кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражаты жөнүндө Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдынжергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

              Жаны-Жол айыл  аймагынын айыл өкмөтүнyн атайын каражат эсебине  Токтогул районунун жана Кара-Кол шаарынын, Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин  Байкоочу Кеңеши тарабынан колдоого алынган, Жаңы-Жол айыл  аймагына караштуу Комсомол айылындагы Кара-Коо арык каналынын механикалык тазалоо иштери үчүн 723 545 сом, “Деко” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алууга  өздүк салым үчүн 400 000 сом    акча каражаты келип түшкөн. 1123 545 сом акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин  билдирүүсүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезектеги   V сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

2 Жаны-Жол айыл  аймагынын айыл өкмөтүнyн атайын каражат эсебине   Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын, Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин  Байкоочу Кеңеши тарабынан колдоого алынган, Жаңы-Жол айыл  аймагына караштуу Комсомол айылындагы  Кара-Коо арык каналын механикалык тазалоо иштерине   иштери үчүн  723 545 сом, “Деко” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алууга  өздүк салым үчүн 400 000   акча каражаты келип түшкөн.

Жалпы 1 123 545 акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.

 

  Раздел аппарат спец  70111 статья -22211200        - 723 545 сом ;

 

                                            70111 статья -31121290      -    400 000 сом;  

         3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

 

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                Т.Өзүбеков