16.07.2021-ж. токтом №10
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезектеги Vсессиясынын
№ 10 Т О К Т О М У
16.07.2020-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылгажергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө төмөндөгү акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн жана Жаны-Жол айылдык Кенешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча”туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсү
эске алынсын.
Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.
Раздел бала бакча
70911 2218 1100статьясынан
Раздел аппарат
70111 25111100 статьясына
130 000 сом
“Деко” муниципалдык ишканасына субсидия үчүн жылдырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков