16.07.2021-ж. токтом №7

6, 2021 9 03 12:04:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезектеги                           V сессиясынын

                                               №  7 Т О К Т О М У

16.07.2021-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

“Кайрак участкасындагы  5га жер аянтын таштынды төгүүчү жай кылууга   макулдук берүү   жөнүндө”

             “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын жана  Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин Кайрак участкасындагы  5га жер аянтын таштынды төгүүчү жай кылуу  жөнүндөгү сунуштары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

“Кайрак” участкасынан 5 га жер аянтын турмуш-тиричилик таштындыларын төгүүчу жай кылууга макулдук берилсин.

Трансформацияга сунуштоо, керектүү документтерди даярдоо жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы                                          Т.Өзүбеков.