06.07.2021-жыл IV сессия 5 токтом

6, 2021 9 03 11:22:00

Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII– чакырылышынын кезексиз           IV сессиясынын

 

                                          № 5 Т О К Т О М У

06.07.2021-жыл                                                                      Жаңы-Жол айылы

 

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүнүн атайын каражат эсебине Токтогул районунун жанаКара Кол шаарынын , Жазы кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражаты жөнүндө Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдынжергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     Жаны-Жол айыл  аймагынын айыл өкмөтүнyн атайын каражат эсебине  Токтогул районунун жана Кара-Кол шаарынын, Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин  Байкоочу Кеңеши тарабынан колдоого алынган, Жаңы-Жол аймагындагы   Бала-Чычкан айылындагы айылына стим гранттын долбоору аркылуу өткөн машыгуучу зал(тренажорный зал) курууга өздүк салым үчүн 1 492 945 сом, Кызыл-Туу айылынын ички көчөлөрүн оңдоп түзөө иштерине 229 500 сом жана Кызыл-Туу айылынын Б.Орозбеков көчөсүнө электр мамычаларын, электр чубалгаларын, троверса, изолятор, кабель, АВГ, автомат, стык подкос сатып алууга 162 220 сом акча каражаты которулган.       Жалпы 1 884 665 сом акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин  билдирүүсүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезексиз        IV сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык к енешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

2. Жаны-Жол айыл  аймагынын айыл өкмөтүнyн атайын каражат эсебине  Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын,Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин  Байкоочу Кеңеши тарабынан колдоого алынган,Жаңы-Жол айыл  аймагынын Бала-Чычкан  айылына стим гранттын долбоору аркылуу өткөн, Арал айылындагы ФАП курууга өздүк салым үчүн  482 000 сом, машыгуучу зал курууга

1 492  945 сом  жана Кызыл-Туу айылынын ички көчөлөрүн оңдоп түзөө

иштерине 229 500 сом, Кызыл-Туу айылынын Б.Орозбеков көчөсүнө электр мамычаларын, электр чубалгаларын, троверса, изолятор, кабель, АВГ, автомат, стык подкос сатып алууга 162 220 сом которулат.    Жалпы 1 884 665  сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.

           Раздел аппарат                                                                                               статья         31112290   1 492  945сом ;

                                               статья         2221200     229 500сом ;

                                               статья         22221100   162 220 сом.

 

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

    4.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

 

 

 

         Айылдык кеңештин төрагасы                                Т.Өзүбеков