03.06.2021 IIIсессия № 4токтом
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
№ 4 ТОКТОМУ
3-июнь 2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун аяктаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы күн тартибиндеги маселени карап ,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун аяктаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун аяктаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Тойгонбаев Эркинбек Абасканович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Бул токтом WWW.Janyjol.kg. сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык
кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков