31.05.2021
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
II сессиясынын
№ 3 ТОКТОМУ
31-май 2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу комиссиясынын “Жаңы-Жол айылдык кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө кабыл алган №1-чечимин карап, айылдык кеңештин VIII чакырылышын кезектеги II сессиясы күн тартибиндеги маселени талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу комиссиясынын “Жаңы-Жол айылдык кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө кабыл алган №1-чечими алымча-кошумчасы менен негизинен бекитилсин.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Бул токтом WWW.Janyjol.kg. сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык
кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков