08.04.2021 ж. Сессия 46, Токтом 3

6, 2021 5 07 09:20:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезексиз  XXХХVI сессиясынын

                                                №  3  Т О К Т О М У

08.04.2021-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына “ДН Энерджи Групп” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 4,4 МВТ кубаттуулуктагы ГЭСти куруу жөнүндө

           Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу айылдарды кошумча электр энергиясы менен камсыздоо максатында, “ДН Энерджи Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2021-жылдын 31-мартындагы №01/10 чыгыш сандуу катын  карап чыгып, айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз  XXХХVI сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаңы-Жол айыл аймагынын Чоң-Чычкан дарыясынын  оң тарабынан Төө-Карын  участкасына кеткен каналга кошумча, узуну  4км, туурасы 20м болгон жер аянтына канал курууга жана Токтогул-Терек-Суу авто жолундагы “Чычкан” дарыясындагы көпүрөнүн оң жак бөлүгүндөгү бош жаткан 0,15га жер аянтына “ДН Энерджи Групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна кубаттуулугу 4,4 МВТ ГЭС курууга макулдук берилсин.

“ДН Энерджи Групп” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан  кубаттуулугу 4,4 МВТ ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап, мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы:                         Т.Өзүбеков.