08.04.2021 ж. Сессия 46, Токтом 2
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXХХVI сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
08.04.2021-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүнүн атайын каражат эсебине “Токтогул районунун жанаКара Кол шаарынынЖазы кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражаты жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кеңеши тарабынан колдоого алынып, 2020-жылдагы сунуштар боюнча Жаны-Жол айыл өмөтүнө караштуу Комсомол айылына АРИС долбоору аркылуу ичүүчү таза суу чыгарылгандыктан жакыр үй-бүлөөлөрдүн үйүнө сууну эсептегич приборлорун (счетчик) алып берүү үчүн 330 600 сом акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Комсомол айылындагы жакыр үй-бүлөөлөрдүн үйүнө сууну эсептегич приборлорун (счетчик) алып берүү үчүн 330 600 сом акча каражаты которулуп, төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин жана 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Раздел аппарат спец 70111 статья 22221100 330600 сом
Негизги каражат эсебинен
Раздел аппарат 4408041251000619
70111 2215 статьясынан 519000 сом
Раздел аппарат 70111 2511 статьясына 319000 сом
70111 3111 статьясына 200000 сом жылдырылсын.
Раздел орто мектеп 4408041251001023
70921 2231 статьясынан 200000 сом
Раздел аппарат 4408041251000619
70111 2511 статьясына 200000 сом жылдырылсын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кенештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрагасы: Т.Өзүбеков