16.02.2021-жыл. 45-сессия № 22 токтом

2, 2021 4 12 09:27:00

Айылдык кеңештин VII  чакырылышынын  кезектеги  XXXXV сессиясынын

                                          № 22  Т О К Т О М У

16.02.2021-жыл                                                                     Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айыл  аймагына караштуу социалдык объектилерге бөлүнгөн жерден 0,20га жер аянтын Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына бөлүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын имарат салуу үчүн жер аянтын сурап кайрылган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VII чакырылышынын кезектеги  XXXXV сессиясы

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айыл  аймагына караштуу социалдык объектилерге бөлүнгөн жерден 0,20га жер аянты Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына имарат салуу үчүн бөлүп берүүгө макулдук  берилсин.

2.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4.     Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

                   Айылдык  кеңештин төрагасы:                              Т.Өзүбеков