28.10.2020-жыл. 41-сессия № 1 токтом

2, 2021 4 12 12:49:00

Айылдык кеңештин VII  чакырылышынын  кезексиз  XXXXI сессиясынын

                                          № 1  Т О К Т О М У

28.10. 2020-жыл                                                              Жаңы-Жол айылы

 

Жаны-Жол айылаймагынын Комсомол айылындагы АРИСтин "Айылды таза сууменен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу" долбоору ишке ашып жаткандыктан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу "Булак суу" муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

 

Жаны-Жол айыл  аймагынын Комсомол айылы АРИСтин кичи долбоору алкагында ичүүчү таза суу системасына кошулуп жаткандыктан, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдында ачылган "Булак суу" муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, “Булак суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Боркеевдин, АРИСтин долбоор боюнча адиси Жапаров Абдысаматтын билдирүүсүн жана Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз  XXXXI сессиясы

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Булак суу" муниципалдык ишканасынын кызмат орундарынын штаттык бирдиги  (9 штаттык бирдик) 2021-жылдын 1-декабрына чейин бекитилсин.

2. Жалпы штаттык бирдиктин бир айлык эмгек акысын 56 000 (элүү алты миң) сомдон ашырбоо жагы Булак суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Боркеевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

            Айылдык  кеңештин төрагасы:                                     Т.Өзүбеков