4-09-2020 ж. Сессия 40, Токтом 5

2, 2021 4 12 13:58:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясынын

                                                      № 5 Т О К Т О М У

2020-жылдын 4-сентябры                                             Жаңы-Жол айылы

Куйбышев айылындагы “Бала Чычкан” суусунун күн батыш тарабындагы “Куйбышев” каналынын үстүнөн баштап “Жорголот” участкасына чейинки аралыктагы турак жайлар жайгашкан ысымы жок көчөсүнө, маркум Абдылдаев Жолдошказынын ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 9 чечими эске алынсын.

2. Куйбышев айылындагы “Бала Чычкан” суусунун күн батыш тарабындагы “Куйбышев” каналынын үстүндөгү Рысалиева Айнуранын үйүнөн баштап “Жорголот” участкасына чейинки аралыктагы турак жайлар жайгашкан ысымы жок көчөсүнө, маркум Абдылдаев Жолдошказынын ысымы ыйгарылсын.

3. Абдылдаев Жолдошказынын ысымы коюлган көчөлөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы Т. Өзүбеков