4-09-2020 ж. Сессия 40, Токтом 3

2, 2021 4 12 11:54:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясынын

                                            № 3 Т О К Т О М У

2020-жылдын 4-сентябры                                          Жаңы-Жол айылы

Кызыл-Туу айылындагы “ЛОП” участкасындагы турак жайлар жайгашкан ысымы жок көчөгө, маркум Жамансартов Бактыбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

                                        Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 9 чечими эске алынсын.

2. Кызыл-Туу айылындагы “ЛОП” участкасында турак жайлар жайгашкан ысымы жок көчөсүнө, маркум Жамансартов Бактыбайдын ысымы ыйгарылсын.

3. Жамансартов Бактыбайдын ысымы коюлган көчөлөрдүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы Т. Өзүбеков