16-06-2020 ж. Сессия 37, Токтом 1

2, 2021 4 12 11:05:00

Айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясынын

                                            № 1 Т О К Т О М У

16.06. 2020-жыл                                          Жаңы-Жол айылы

Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынын байкоочу Кеңешине мүчөлүккө Жаңы-Жол айыл аймагынан өкүл шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынын байкоочу Кеңешине мүчөлүккө Жаңы-Жол айыл аймагынан өкүл болуп Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин депутаты Кудакеев Карыбек Жаркыналиевич шайлансын.

2. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Өзүбеков