№ 10 Токтом 17.12.2018 ж.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын
№ 10 Т О К Т О М У
17.12.2018-жыл Жаңы-Жол айылы
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды сарптоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”мыйзамына таянып Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Суу айылынын ички жолун ондоо долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15%ти, 440640 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 23509 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2019-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын жетекчисине жүктөлсүн.
Жаны-Жол айылдык кенешинин төрагасы Т. Өзүбеков