№ 8 Токтом 17.12.2018 ж.

3, 2019 10 01 16:20:00

   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                       № 8 Т О К Т О М У

17.12.2018-жыл                                                       Жаңы-Жол айылы

   Өзүбеков Койчукаранын ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

   Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын Көдүл айылынын тургуну маркум Өзүбеков Койчукаранын Кара-Тектир айылына караштуу Уй-Сайрай участкасындагы аты жок жаңы көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечимин карап жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечими жактырылсын.

2. Жаңы-Жол айыл аймагындагыКара-Тектир айылына караштуу Уй-Сайрай участкасындагы аты жок жаңы көчөсүнө маркум Өзубеков Койчукаранын ысымы ыйгарылсын.

3. Өзүбеков Койчукаранын ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Өзүбеков