№ 5 Токтом 17.12.2018 ж.

3, 2019 10 01 16:00:00

   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                    № 5 Т О К Т О М У

17.12.2018-жыл                                                       Жаңы-Жол айылы

   Аныкталган ашыкча жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө

   Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 01-9/171 буйругунун негизинде түзүлгөн Жаңы-Жол айыл аймагындагына караштуу айыл тургундарынын жерлерин инвентаризациялоо боюнча комиссиянын аныктаган ашыкча жерлер боюнча актыларына жана Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 4 чечимин угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 17-декабырдагы № 4 чечими 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Жаңы-Жол айыл аймагындагына караштуу айыл тургундарынын жерлерин инвентаризациялоо боюнча комиссиянын аныктаган ашыкча жерлерин мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык Кеңештин төрагасы Т.Өзүбековго жүктөлөт.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков