№ 4 Токтом 17.12.2018 ж4

3, 2019 10 01 15:52:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын

                                       № 4 Т О К Т О М У

17.12.2018-жыл                                                        Жаңы-Жол айылы

                                Жерге уруксаат берүү жөнүндө

   Кыргыз Республикасынынын Транспорт жана жол министирлиги тарабынан Ош-Бишкек авто унаа жолунун 246-чакырымына курула турган кар көчкүдөн коргоо галереясына, электр чубалгыларын тартууга, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу жол жээгиндеги жерлерден жалпысынан 81,5 га жерге уруксаат берүү боюнча Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

                                        ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ош-Бишкек авто унаа жолунун 246-чакырымына курула турган кар көчкүдөн коргоо галереясына, электр чубалгыларын тартууга, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу жол жээгиндеги жерлерден жалпысынан 81,5 га жерге уруксаат берилсин.

2. Берилген жерге чечим чыгарып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Э. Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын айылдык Кеңештин төрагасы Т.Өзүбековго жүктөлөт.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков